• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош шаарынын Токтогул паркында мыйзамсыз курулган конок үйү аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Ош шаарынын Токтогул паркындагы “Изюм” конок үйү мыйзамсыз курулган. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан КР “Шаар куруу жана архитектура” мыйзамынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө Ош шаарындагы “Токтогул” эс алуу паркынын аянтына Н.Т. аттуу жаран Ош шаарынын мэриясынын муницупалдык менчик башкармалыгынын балансында турган жер аянтына 3 кабаттуу “Изюм” конок үйүн мыйзамсыз түрдө куруп алгандыгы аныкталган.

Ал эми мурдагы Мамэкотехинспекциясынын регионалдык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жеке пайда табуу максатын көздөп, парктын ичине капиталдык курулуш мыйзамсыз жүргүзүлгөндүгүн билип туруп, конок үйүн пайдалануу үчүн кабыл алышкан.

Бул факты боюнча “Изюм” конок үйүнүн ээси Н.Т. жана мурдагы Мамэкотехинспекциясынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий