Маалымат таратуучу санариптик технологиялар өнүгүп, адам баласынын маалыматка болгон муктаждыгы күн санап өсүп жаткан заманбап коомдо маалымат мейкиндигиндеги коопсуздукту, тартипти сактоо жана ар бир маалыматка жоопкерчилик алуу учурдун талабы. Кыргызстанда демократиялык принциптер, адам укуктары жана сөз эркиндигинин сакталышы менен бирге маалымат тармагында тартип орнотуу, маалымат тараткан тараптын жоопкерчилигин кароо башкы максат.
Учурдагы маалыматтык коомдо ар бир жарандын, коомдун жана мамлекеттин маалыматтык коопсуздугун сактоо максатында мамлекет тарабынан тиешелүү ченемдик-укуктук документтер кабыл алынган. Анткени, маалымат коопсуздугу – улуттук коопсуздуктун ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.
Маалыматтык коопсуздук - бул глобалдык маалымат мейкиндигин көзөмөлдөө жана реалдуу, потенциалдуу коркунучтарды жоюу үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн, шарттардын жана каражаттардын болушу. Мамлекеттин маалымат саясаты өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодо негизги бөлүгү катары өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп, калкка объективдүү маалымат жеткирүүгө шарт түзүү менен дүйнө коомчулугуна өлкөнүн оң имиджин түзүүгө багытталат.
Маалымат мейкиндигин жөнгө салуучу кабыл алынган мыйзамдар жана мыйзам долбоорлору маалымдоо каражаттарында, интернет тармагында жалган, адаштыруучу же жаңылыш маалыматтарды жарыялоого, таратууга тыюу салууну көздөйт. Бул жөн жерден пайда болгон маселе эмес, жарандардын укугун, коомдун бүтүндүгүн коргоп, мамлекеттин беделине шек келтирбөө үчүн заман талабына жараша кадамдарга баруу зарылчылыгы жаралууда.
Белгилей кетсек, 1992-жылы кабыл алынган “Массалык маалымат каражаттары” жөнүндө мыйзам санариптик технологиялар өнүккөн коомдун талаптарына толук жооп бербегендиктен, аталган мыйзамдын жаңы долбооруна алтынчы ирет оңдоп-түзөө киргизилгенине карабастан, мамлекет башчысынын тапшырмасы менен кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарылды.
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева "ММК" жөнүндө мыйзам долбооруна алтынчы ирет киргизилген негизги өзгөртүүлөр массалык маалымат каражаттары тууралуу түшүнүктү кеңейтерин билдирди.
“Биринчиден интернет басылмалар, аудио, видео программалар үчүн ыктыярдуу каттоо киргизилет. Бул өзгөртүү медиа тармактарынын ар түрдүүлүгүн тааныйт жана ашыкча жөнгө салуулардан четтетет. Аталган мыйзам долбоору ММК түшүнүгүн кеңейтет, ага эмгек келишимдери боюнча иштеген журналисттердин жамааттары гана эмес, жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде контент даярдоого катышкан жеке жана юридикалык жактар дагы кирет. Бул медиа индустрия тармагынын заманбап көрүнүштөрүн эске алат. Мыйзам долбоорунда ММКнын негиздөөчүсүнүн жана редакторунун ролдору такталып, маалымат булагын купуя сактоо милдети киргизилген.
Сөз эркиндигин чектөө зарылдыгын аныктоочу критерий катары кызмат кылган "коомдук кызыкчылык" түшүнүгү биринчи жолу киргизилүүдө. Мында ММКны анык эмес маалыматты жайылтуу үчүн жоопкерчиликтен бошотуунун шарттары каралган. Аталган мыйзам долбоорунун тексти өзгөрүүсүз калып, алтынчы вариантында камтылган негизги принциптер сакталат деп үмүттөнөбүз”,- дейт Эргешбаева.
Муну менен катар 2024-жылдын 27-августунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарында, интернет сайттарда, сайттын социалдык тармактардагы баракчаларында жалган, адаштыруучу же жаңылыш маалыматтарды жарыялоого, таратууга тыюу салынышы мүмкүн болгон “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Аталган мыйзам долбоору кабыл алынса массалык маалымат каражаттарында жана интернет тармагында жалган маалымат тараткан жеке жактарга – 100 миң сом, юридикалык жактарга – 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу каралууда. Министрлик мындай өзгөртүүлөр коомдук кызыкчылыктарды, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында сунушталууда деп белгилейт. Министрликтен билдиришкендей, жалган маалыматтар көп учурларда коомчулукту дүрбөлөңгө салып, туура эмес маанай жаратуу менен коомдук тартипти бузушу мүмкүн. Бул мыйзам долбооруна карата учурда коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда.
Адамдын ар намысына, беделине шек келтирген маалыматтар көп болуп жатканын “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн директору – башкы редактору Мырзакат Тыналиев белгилейт. Анын айтымында, айрыкча социалдык тармактарды пайдаланып, адамдардын кадыр-баркына доо кетирген учурлар аз эмес, мындан улам бирөөнүн беделине шек келтирип, жалаа жаап, жаман атты кылгандарды тартипке келтирүү туура кадам.
“Бул мыйзамга каршы болгондордун көбү кандайдыр бир деңгээлде интернет айдыңын көзөмөлдөө, интернет айдыңында ээн ооз, адамдын жеке керт башына асылгандарды, жалган маалымат таратып бирөөлөрдү ушактагандарды, мазактагандарды тыюуга мүмкүн эмес деп айтып жатышат. Мен буга толук кошула албайм, себебин мындай деп түшүндүрмөкмүн, мисалы жүздөгөн жол эрежесин бузуулар болот, кээ бирөө байкалбай калышы мүмкүн. Бирок жол эрежесин кабыл албай, жокко чыгарып коюшубуз мүмкүнбү? Жок, жолдо жүрүү эрежесин киргизишибиз керек, туура аны бузгандар болот. Бузгандардын айрымдары байкалбай, жазаланбай калышы мүмкүн. Бирок бары бир байкалып, колго түшүп, жазалангандары башкалар үчүн сабак болот. Менин айтайын дегеним, бирөөлөрдүн ар намысына, беделине шек келтиргендер аныкталып, айып пул салынып жазаланса, бул башкалар үчүн сабак болмок”, - дейт Мырзакат Тыналиев.
Ал эми журналист Шайырбек Абдрахман бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, адамдын тагдыры менен ойноп жалган маалымат тараткан тараптын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында аталган мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдирди.
“Албетте, мен бул мыйзамды колдойм, азыр баарыбызга белгилүү болгондой, социалдык тармактарда, башка маалымат булактарында жарандар өздөрүнүн маалыматына, пикирине же жарыялаган билдирүүсүнө өздөрү жоопкерчиликсиз мамиле жасайт. Мисалы, өзү бир нерсени жазат, бирок аягына чыгып чындыгын билүү деле ага зарыл эмес. Анын арты менен биринчиден далай адамдардын кадыр-баркына шек келтирилүүдө. Айрым учурларда кадыр-баркты мында коелу, адамдын тагдыры менен ойноп, туура эмес маалымат берген учурлар дагы болууда.
Ошондой эле бул мыйзам долбоорунун экинчи жагы бар, мисалы бийликке жакпаган кайсыл бир адамды жалган маалымат таратты деген жүйөө менен жоопкерчиликке тартып, анын ишин сотко ашырып, айып пул салып коюшу мүмкүн. Бирок мындай көрүнүштөр орун албашы зарыл. Эгерде мыйзамды кабыл алсак, мыйзам өзүнүн максатына ылайык иштеши керек”, - деди Шайырбек Абдрахман.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын 31-июлунда өлкөдөгү маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жана бекемдөө максатында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият министрлигинин алдында маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун түзүү тууралуу токтомго кол коюп, август айында аталган борбор түзүлгөн. Бул борбор башка иштер менен катар жарандар менен юридикалык жактарды 2021-жылы кабыл алынган “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамга ылайык жалган маалыматтардан коргойт. Андан тышкары, бул мыйзам боюнча маалымдоо каражаттарына жарыяланган кандайдыр бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле ММКнын ишин эки айга токтотуп, сайтты бөгөттөп коё алат. Аталган мыйзамдын негизинде “Клооп” сайтынын иши токтоп, бир нече сайт бөгөттөлүп, кайра ачылган.
Министрликтин маалыматы боюнча, борбордун кызматкерлери конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү менен эгемендигин бузуу чакырыктарын, ошондой эле согушту, зомбулукту, экстремизмди, баңгизатты жана башка терс көрүнүштөрдү жайылтуу учурларын аныктоо үчүн интернеттеги билдирүүлөр менен маалымдоо каражаттарына жарыяланган макалаларга мониторинг жүргүзмөкчү. Ошондой эле интернетте мыйзамсыз контентти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди алып барат. Интернет мейкиндигин жөнгө салууда ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу менен массалык маалымат каражаттары чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоого багытталган иш-чараларды маалыматтык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылат.
Чет элдик каржылоо менен өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзгөн көз карандысыз айрым жалпыга маалымдоо каражаттары мыйзам долбоорун жана өлкөнүн маалыматтык чөйрөсүн изилдөө борборун түзүлүшүнө карата "сөз эркиндигин чектейт" деген жүйөө менен каршы сын-пикирлерин айтышууда. Мында сөз эркиндигин чектөө менен маалымат таратууда чынчыл болуп, жоопкерчиликти сактоо талап кылынып жатканын көрө билүү, ажырата билүү барынан маанилүү. Анткени, ким эмнени көргүсү келсе ошону көрөт, жамандык издегендер тоодой жакшы нерседен да кенедей жамандыкты таап чыгышат эмеспи.
Пикир
Оставить комментарий