• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ден соолугуна байланыштуу жаранды аскерге чакыруу 6 айга жылдырылат – Мамбеталиев

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Ден соолугуна байланыштуу мөөнөттүк аскерге чакырылуучуларды аскерке чакыруу жарым жылга жылдырылат. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Чакыруу башкармалыгынын башкы адиси Султанбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, өнөктүктүн алкагында чакырылуучунун абалына байланыштуу чакыруу 6 ай мөөнөткө жылдырылат. Жарым өткөндөн кийин ал кайрадан текшерүүдөн өтөт. "Эгер анын ден соолугу бизди канааттандырса, анда биз аны армияга чакырабыз", - деди Мамбеталиев.

Адис кошумчалагандай, КР өкмөтүнүн 2009-жылдагы токтомундагы тизмеде көрсөтүлгөн оору аныкталган учурда жаран аскерге чакырылбайт.

Белгилей кетсек, 1-марттан тарта Кыргызстанда мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка жарандарды кезектеги жазгы чакыруу башталды.

Пикир

Оставить комментарий