• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Кыргызстандык хоккейчи Мамед Сейфулов дүйнө чемпионатынын рекордун жаңылады

Спорт 0

Бишкек, 07.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Мамед Сейфулов хоккей боюнча III дивизиондогу (“В” тобу) командалар арасындагы дүйнө чемпионатында жалпы 18 гол киргизди. Бул тууралуу Кыргызстандын хоккей федерациясынын президенти Анвар Өмүрканов билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 7-мартта Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынан кайтып келишти.

Спортчуларды тосуп алуу аземинде Анвар Өмүрканов кыргызстандык Мамед Сейфулов хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын тарыхында биринчилерден болуп 18 гол жаратканын айтты.

“Чемпионаттын топ дивизионунан тарта ушул үчүнчү дивизионуна чейин алганда, Израилден бир хоккейчи 17 гол киргизип, рекорд койгон экен. Биздин Мамед Сейфулов 18 гол киргизип, дүйнөлүк рекордду жаңылады”, - дейт ал.

Чабуулчу Мамед Сейфулов чемпионаттан оң таасир жана позитивдүү эмоцияларды алганын билдирди.

“Биздин максат – кийинки дивизионго (ред.: III дивизиондун “А” тобуна) өтүү болду. Бул жактан барып жатканда деле оюнга, жеңишке даяр болчубуз. Анткени машыгуулар жогорку деңгээлде өтүп, мыкты формада болгонбуз”, - дейт спортчу.

Пикир

Оставить комментарий