• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы 1-марттан тартып жарандарды мөөнөттүк жана альтернативдик жазгы аскерге чакыруу башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Чакыруу башкармалыгынын башчысы Сардарбек Каипов билдирди.

Анын айтымында, 10-марттан баштап жарандар аскерге жөнөтүлө баштайт жана өнөктүк 12-майга чейин уланмакчы. Бул аралыкта 2 миңге чукул жаран аскерге чакырылат.

“Чакырык башталганга чейин аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылууга тийиш болгон жарандарга аскер комиссариаттары тарабынан изилдөө жүргүзүлдү. Изилдөө алардын жашаган жери боюнча ата-энелери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлүп, анын натыйжасында жарандарды жөнөтүүдөгү объективдүү чечим кабыл алууга толук маалымат менен камсыз болушту.

Ошентип, 18 жаштан 25 жашка чейинки мөөнөттөн кийинкиге жылдырууга же чакыруудан бошотууга укугу жок жарандар иликтөө жана чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келүүгө тийиш", - деди ал.

Ал белгилегендей, аскерге чакырылуучулар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Юстиция министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жазаларды аткаруу кызматынын кошуундарында жана бөлүктөрүндө кызмат өтөшөт.

Пикир

Оставить комментарий