• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте волейбол боюнча КР чемпионатынын жаңы сезону башталды

Спорт 0

Бишкек, 22.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте волейбол боюнча эркек курамаларынын арасында КР чемпионатынын жаңы сезону старт алды.

КР волейбол федерациясынан кабарлашкандай, жаңы сезондо үч лига болот: улуттук лига, “А” жогорку лига жана “В” жогорку лига. Үч лигада 15 курама үч турдан оюн ойношот.

Жаңы сезонду “В” жогорку лига турнири баштап берет. Оюн Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында өтөт.

“В” жогорку лигасында жеңүүчүлөр “А” жогорку лигасында ойнойт.

Эске сала кетсек, өлкөнүн учурдагы чемпиону болуп оштун EREM клубу эсептелинет.

Улуттук жана жогорку “А” лигасы боюнча биринчи тур 24-январда башталат.

“В” жогорку лигасынданы оюндардын жүгүртмөсү:

22-январь

11:00 “Сары-Өзөн” – “БАПА Барскоон”

12:30 “Аксы” – “Ош”

14:30 “БАПА Барскоон” – “Ош”

23-январь

11:00 “Аксы” – “Сары-Өзөн”

12:30 “Сары-Өзөн” – “Ош”

14:30 “БАПА Барскоон” – “Аксы”.

Пикир

Оставить комментарий