• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Денесине оор залал келтирген. Чүйдө аялын бычактоого шектелген жаран кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя тууралуу билдирүү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө бүгүн түшкөн. Бычактан 1987-жылы туулган Н.А. аттуу келин оор абалда ооруканага түшкөн.

Аталган факт Сокулук районунун ИИБсинде катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине ("Денеге оор залал келтирүү") ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү делип 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Айрым ЖМКлардын маалыматына таянсак, шектүү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган.

Пикир

Оставить комментарий