• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Токтогул көчөсүндө унаа токтотууга тыюу салынды. Веложол уюштурулат

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Бишкектин Токтогул көчөсүнүн түндүк тарабына унаа токтотууга тыюу салынды, ал жакта велосипед үчүн жол пайда болот.

Мунициаплитеттен билдиришкендей, учурда Токтогул көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабына 3.27 жол белгиси орнотулууда. Жолдун аталган бөлүгүндө эки багыт боюнча велосипед үчүн жол уюштурулат.

Долбоорду Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги «Пешком» коомдук фонду менен биргеликте иштеп чыккан.

Бишкек мэриясы жарандардан жол эрежесин сактоону өтүнөт жана эрежелер сакталбаса КР мыйзамдарына ылайык унаалар айыпка тартылат эскертет.

Пикир

Оставить комментарий