• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Депрессия жана тынчсыздануудан тез аралыкта арылуу үчүн эмне кылуу керек? Окумуштуулардын кеңеши

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Депрессия жана тынчсыздануудан тез аралыкта арылуу үчүн дем алуу көнүгүүлөрүн жасап, йога менен алектенүү керек. Мындай жыйынтыкка Бостон университетинин алдындагы Медицина мектебинин окумуштуулары келди. Алардын изилдөөсү MedicalXpress сайтында жарыяланды.

Окумуштуулар адам абдан кыжырданганда йога менен алектенсе пайдасы көбүрөөк болоорун белгилейт.

Изилдөөгө 30 адам катышып, алардын абалын 3 айдай байкоо жүргүзүшкөн. Бир ай өткөндөн кийин катышуучулардын уйку сапаты жогорулаган жана алар токтоо мүнөзгө ээ боло башташкан. Кыжырдануу жана тынчсыздануу белгилери аз байкалганы билинген.

"Ушул сымал илимий негизделген маалыматтардын жардамы менен көптөгөн адамдар өзүнүн ден соолугун чыңдоо жана өзүн жакшы сезиш үчүн йога менен машыга баштайт", - деп изилдөөчүлөрдүн бири нейробиолог Мариса Сильвери билдирди.

Пикир

Оставить комментарий