• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Парфюмерия көпкө сакталышы үчүн аны туура себүү керек

Дүр дүйнө 0

Эгерде себинген атырыңыз сизге туура келсе, бара-бара сиз анын жытын өзүңүздөн сезбей каласыз деген күмөн жана текшерилбеген пикир айтылып келет. Ошол эле учурда атыр себинүүнүн туура ыкмаларын колдонуу менен анын жытын көпкө сактоого болорун ар ким эле биле бербейт. Ошондуктан айрым учурда өзүңүз да, айланадагылар да сиздин жыпар жытты байкабай жатышса, аны күн бою билекке себе берүү таптакыр туура эмес. Ооба, белгилүү болгондой, билекке атыр себүү классика катары кабыл алынып калган. Бирок, адамдын денесинде башка согуу чекиттери көп. Алардын баары аракетте болгондо, жыпар жыт көпкө сакталат.

Эгерде атырыңыздын жыты өзүңүзгө жагымдуу экенине ишенип, анын жытына кумарланууга даяр болсоңуз, анда денеңиздин төмөнкү алты жерине себиңиз.

Чач

Byredo парфюмердик маркасынын негиздөөчүсү Бен Горем чач териге караганда атырды көпкө сактайт деп эсептейт: “Болгону бир аз этият болуу керек. Анткени парфюмда спирт бар. Бул чачка зыян болушу мүмкүн. Атайын чачка арналган атырлардын түрүн колдонуңуз. Болбосо, тарагыңызга гана себип коюңуз. Чачты тарап жатканда, атыр чачка олуттуу зыяны тийбестен, этияттык менен “сиңирилет”.

Кулактын арты

Билек сыяктуу эле кулактын арты дагы өзүнүн өзгөчөлүгү менен белгилүү. Бул жерде вена териге жакын жайгашкандыктан, атырдын жыттанып туруусуна идеалдуу шарттарды түзөт. Эгерде сиз кооздук аксессуарларын, сөйкө тагынып жүрсөңүз, алар жыпар жытты кандайдыр бир убакытка сактап тура алышат.

By Kilian маркасынын негиздөөчүсү Килиан Хеннесси бул идеяга өндүрүштүк маани берип, атыр себилген тегерекчелерди салып коюуга боло турган сөйкө, кулон, илмек жана башка майда барат кооздук буюмдарын жасаган.

Моюндун арты

Бул бир аз таң калычтуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок парфюмердик эксперт Чендлер Бурр бул акылдан адаштырган ыкма деп эсептейт. Биринчиден, атыр денеңизде көпкө жүрөт; экинчиден, айланаңыздагы адамдарды тажатпайт. Анткени ал мурунду жарып эмес, назик жыттанып турат.

Чыканактын ички бети

Билген адамдар бул зона билектен дагы жытты көпкө сактай турганын айтышат. Editions de Parfums Frederic Malle маркасынын негиздөөчүсү Фредерлик Малль чыканактын ички бетине атыр себүүнүн алдында бул жерди бир аз нымдап коюуну сунуштайт.

Тизенин арты

Жогоруда саналгандардын ичинен тизенин арты чындап натыйжалуусу болуп саналат. Эгерде алар үчүн кызык болсо, эркектер үчүн да таасирдүү.

Киндик

Бул кеңеш үчүн жоопкерчиликти актриса Лив Тайлерге жүктөйбүз. Ал Into The Gloss блогунда мындай деген: “Менин атам Стивен Тайлер атырды эки алаканына сүйкөп, киндик тушуна сүртүп коет. Дененин бул жери ысып тургандыктан, жыпар жыттын ноталарына бул жагат. Болгону атырыңыз аллергия пайда кылбай турганына ишенсеңиз болду”.

Эгерде атыр себинүүдө сиздин жеке сырыңыз болсо, биз менен бөлүшүңүз.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий