Бишкек. 24.12.18 /Кабар/. "Чала молдо дин бузат" дейт, анысы кандай, биз билими жок адамдардан эмес, чала сабат адамдардан коркушубуз керек. Мындай пикирин депутат Руслан Казакбаев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Бюджет жана финансы боюнча комитети мектеп окуучуларынын өлкөнүн билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылууга багытталган "Билим берүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Талкуу жүрүшүндө депутат Казакбаев чала сабат адамдардан коркушубуз керек деп билдирди. "Мисалы, ооруп калсак, билими жок адамдарга барбайбыз, колунда билим алды деген диплому бар дарыгерлерге кайрылабыз. Анткени, алардын чала сабат дарегер экенин билбейбиз да. Ошондуктан, жаштардын билим жеткилеӊ алуусуна өзгөчө маани берилүүгө тийиш", - деди депутат.
Демилгечилердин бири Мирлан Жеенчороевдин айтымында, Конституцияда акысыз билим берүү укугу кепилденип, негизги жалпы билимге милдеттүүлүк белгиленген. Ал эми "Билим берүү жөнүндө" мыйзамда жалпы билим берүүнүн баардык үч деңгээли – башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто жалпы билим берүү кепилденет", - деди ал.
Демилгечилер тийешелүү билим деңгээлинин жетишсиздиги жаштардын бир бөлүгүнө социалдык жана экономикалык жактан терс таасир тийгизерин белгилешет. Мисалы, жыл сайын болжол менен жашы жете элек өспүрүмдөр жасаган 980 жана өспүрүмдөргө карата жасалган 1070 кылмыш иши катталган.
Ушу тапта 9-классты бүтүргөн 9754 бала билимин уланткан жок. Ал эми 15-16 жаштагы балдардын жумушка орношуу мүмкүндүгү жок, эмгек мыйзамында чектөөлөр болгондуктан, аларды жумушка алуу ишканалар үчүн пайдасыз.
Ошондон улам, негизги жалпы билим алган (5-9-класстар) баштапкы/орто кесиптик жана орто жалпы билим алуунун программасы боюнча андан ары окууну уланткысы келбегендер үчүн (10-11-класстар) жактарга милдеттүү акысыз билим берүү чарасын киргизүү демилгеси сунушталууда.
Ал үчүн алдын-ала эсептөөлөр боюнча милдеттүү жалпы орто билим берүү, башталгыч же орто кесиптик билим берүү ченемдерин киргизүү сарптоолору республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча 757 млн сом, анын ичинен жалпы билим берүү уюмдарынын тутумуна 182 млн сом, башталгыч кесиптик билим берүү тутумуна 277 млн сом жана орто кесиптик билим берүү тутумуна 297 млн сом талап кылынат. Бирок, мындай каражат республикалык бюджетте каралган эмес.
Мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап белгилөө сунушталууда.
Белгилей кетсек, билим берүү тармагына 2019-жылдын республикалык бюджетинде 32 млрд сом каражат каралган.
Пикир
Оставить комментарий