• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

8-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 4-марттан 8-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

4-8-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

4-мартта түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

7-мартта түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

8-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-мартта күндүз жана 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт

4-8-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

4 мартта түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

5 мартта жаан, кар жаашы күтүлөт.

6-8-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-мартта күндүз жана 5-мартта 14 метрге жетиши күтүлөт.

4-8-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

4-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

5-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

7-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда, жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этекеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-мартта күндүз жана 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-8-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

4-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

5-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-мартта күндүз жана 8-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-мартта күндүз жана 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-8-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

4-мартта түнкүсүн кар жаашы күтүлөт.

4-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

5-мартта кар жаашы күтүлөт.

6-7-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-мартта түнкүсүн бир аз жаан, кар жаашы мүмкүн.

8-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-мартта күндүз жана 5-мартта 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-8-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

4-мартта кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

8-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-мартта күндүз жана 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий