Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Арзан турак-жай менен камсыздоо программасы күтүлгөндөй жыйынтык берген жок. Бул тууралуу депутат Жыргалбек Турускулов Жогорку Кеӊештин жыйынында сөз кылды.
Анын айтымында, бул программанын шарттары кыйын. 3 жыл иштеген мугалим эмес, 15 жыл иштеген мугалим дагы бул программа аркылуу үй ала албайт.
"Андыктан, турак-жай алуу үчүн ипотекалык коюмду төмөндөтүү сыяктуу шарттар кайра каралып чыгышы керек", - дейт эл өкүлү.
Пикир
Оставить комментарий