• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ФАО Айыл, суу чарба министрлигине "URAL 220" кичи тракторлорун белек кылды

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюму (ФАО) КРнын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине "URAL 220" кичи тракторлорун белек кылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги өлкөдөгү токой аянтын көбөйтүү боюнча чечкиндүү чараларды көрүп жатат. Көп жылдык плантацияларды отургузуу үчүн 500 миң гектар түшүмсүз жер бөлүп берүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна коюлат.

"Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн биз көп сандаган көчөттөрдү алышыбыз керек жана башка өлкөлөрдөн импорттобой, өзүбүз өстүрүшүбүз керек. Өлкөнүн токой чарбасы жана питомниктери өсүшкө муктаж", - деди министрдин орун басары Ильич Марсбек уулу.

КРнын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин бул идеясын ФАОнун узак мөөнөттүү өнөктөшү Кыргызстандагы ФАОнун өкүлү Аднан Куэрешинин атынан колдоду. "URAL 220" кичи тракторлору токой чарбасынын пилоттук ишканаларына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий