Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Москва районунун Ак-Суу айылындагы "Тулпар моторс" автоунаа чогултуучу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Аталган завод 2024-жылы ишке берилип, алты айдын ичинде 400 автоунаа чыгарылган. Жыл аягына чейин дагы 200 унаa өндүрүү күтүлүүдө. Ал эми 2025-жылда 3500дөн ашык жаңы моделдеги автоунааларды чыгаруу пландалган.
Белгилей кетсек, кыргыз-өзбек биргелешкен унаа заводун куруу келишими 2023-жылдын январь айында түзүлгөн. Жалпысынан ишкана 2000 жумуш орундарын түзүп, автоунаанын 12 моделин чыгарары белгилүү болгон.
Пикир
Оставить комментарий