Депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Талапкерлердин тизмеси жаңыланууда

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 5 Ноокат жана №36 Ысык-Көл шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө.

БШКдан билдиришкендей, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер 1980-жылы туулган Санжарбек Тѳлѳнбаевден арыз келип түшкѳн. Аталган округдан талапкерлердин саны учурда 6.

Ошондой эле № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуу ниети менен 1994-жылы Султан Тентимишевден арыз түшкөн. Ысык-Көл шайлоо округунан талапкерлердин саны учурда 5.

Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 30-майында аяктайт.

Эскерте кетсек КР президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги жарлыгына ылайык, №5 Ноокат жана №36 Ысык-Кѳл шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий