• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте сот Россиянын жаранына шаардык кеңештин депутаты болууга уруксат берди

Коом 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Бишкектин райондор аралык соту Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатынан ажыратылышын мыйзамсыз деп тапты.

Мындан улам Борбор шайлоо комиссиясы (БШК) бул иш боюнча даттанып Жогорку Сотко кайрылат.

2019-жылдын 1-февралында сот Коргонбай уулунун арызын канааттандырып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (БАШК) "депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү" чечимин жана БШКнын токтомун жокко чыгарган.

Эске салсак, Жусупбек Коргонбай уулунун Россиянын жарандыгы бар экени аныкталган. Анын негизинде 2018-жылдын 19-декабрында Коргонбай уулунун шаардык кеңештеги депутаттык мандаты мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Мындан улам ыйгарым укуктарынан ажыраган депутат чечимдерди жокко чыгаруу үчүн сот кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий