• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек медициналык колледжинин 95 жылдыгы белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Бүгүн борбор калаада Бишкек медициналык колледжинин 95 жылдыгына арналган салтанат өттү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мааракелик салтанат “Кыргызстанда орто медициналык жана фармацевтикалык билимдүү кадрларды даярдоодогу реформалар” аттуу илимий-практикалык конференциясынын алкагында өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Максатбек Сарбагышев жана Ырысбек Атажанов, ошондой эле Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышты.

Эл өкүлү Максатбек Сарбагышев иш-чарада сөз сүйлөп, келечектеги медицина кызматкерлерине кыргыз элинин саламаттыгын бекемдөөдө ак кызмат өтөөлөрүнө ак жол каалады.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин куттуктоо сөзүн окуп, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий