Бишкекте калкты жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук акимчилигинде 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча штабдын жумушчу жыйыны өттү. Бул тууралуу райондун администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, акимчиликтин жетекчилиги Улуттук статистикалык комитеттин, райондук билим берүү борборлорунун, шаар кызматтарынын жана МАБ өкүлдөрү менен биргеликте эл каттоонун уюштуруучулук жагдайын талкуулашты.

"Биринчи май районундагы жаңы курулган турак жай жана турак жай эмес имараттарды тактоо иштери жүргүзүлдү. 2019-2021-жылдар аралыгында 27 көп кабаттуу үй, 46 жеке турак жай жана 52 турак жай эмес имараттар пайдаланууга берилип, бул имараттар боюнча маалыматтар шаардык статистика башкармалыгына жөнөтүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Акимчиликтен кошумчалашкандай, 789 каттоочу, анын ичинде 16 координаторду, 80 нускоочуну, 657 каттоочуну жана 33 резервди окутуудан өткөрүү пландаштырылууда.

Белгилүү болгондой, калкты каттоо бөлүмдөрүнө райондук билим берүү борбору тарабынан мектептерден 15 имарат берилет. Учурда каттоочуларды жумушка кабыл алуу жүрүп жатат. Бул багыттагы иштер улантылууда.

Эске салсак, эл каттоого Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле каттоо учурунда убактылуу өлкөдө жашабаган Кыргызстандын жарандары өткөрүлөт.

Мындан тышкары, өлкөнүн, шаардын, райондун аймагында жайгашкан бардык турак жайлар каттоодон өткөрүлөт.

Эл каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий