• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунун аймагында "Лидер" иш-чарасы өтүп, 2 кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Ош облусунун аймагында "Лидер" аталыштагы иш-чара өткөрүлүп, 2 уурулук кылмышынын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн Балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору жана Милициянын участкалык уполномоченныйлары "Милициянын көчмө кабылдамалары" менен биргеликте, 2022-жылдын 9-10-11-февраль күндөрү облустун аймагында "Лидер" аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасын өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги максаты - облустун аймагындагы жайгашкан билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан окуучулардын арасында "Мектеп рекетин" жана коомчулук арасында терс адаттары калыптанып келе жаткан жеткинчек топторунун "Лидерлерин" аныктоо жана болтурбоо.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун аймагында билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан окуучулардын арасында "мектеп рекетин" жана "лидерлерин" аныктоо жана болтурбоо үчүн иш-чарага катышкан соцкызматкерлер, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдардын өкүлдөрү, билим берүү мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте иш-чара өткөрүлдү.

Облустун аймагында иш-чара убагында балдар тарабынан жасалган 2 уурулук кылмышынын бети ачылды. Дайынсыз жоголгон балдардын жүргөн жери аныкталып, табылды. Мектептерде коомго жат багыттагы “формалдуу эмес лидерлер” - 24, анын ичинен мектептин ички каттоосуна алынганы - 23, каттоого алынганы - 1, ошондой эле мектепке барбай жүргөн 21 бала аныкталган.

Аныкталган фактылар боюнча материалдар топтолуп тийиштүү мекемелерге жалпы - 122 сунуш жиберилди, анын ичинен Балдар иши боюнча комиссиясына - 75, билим берүү мекемелерине - 34, башка кызыктар органдарга - 13 материал жиберилди.

Ошондой эле иш-чара учурунда балдар арасында 115 жолу тарбиялык алдын алуу иштери уюштурулуп, алардын ичинен ата-энелер чогулушу - 91, тегерек столдор - 7, башка иш-чаралар - 17.

Пикир

Оставить комментарий