• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Махмудов менен Шаршенбеков. Грек-рим күрөшүнүн балбандары эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбандар Болгарияда өтө турган Dan Kolov - Nikola Petrov эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 17-20-февралда Велико-Тырново шаарчасында өтөт.

Мелдешке катыша турган Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы:
Балбай Дордоков - 55 кг;
Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
Нурмухаммет Абдулаев - 60 кг;
Тынар Шаршенбеков - 63 кг;
Эрмек Каныбек уулу - 63 кг;
Марлен Асикеев - 67 кг;
Элдияр Сатаров - 67 кг;
Адилхан Нурланбеков - 72 кг
Акжол Махмудов - 77 кг;
Талантбеков Акылбек - 77 кг;
Калидин Асыкеев - 82 кг
Азат Салидинов - 87 кг;
Мелис Айтбеков - 87 кг;
Үзүр Жузупбеков 97 кг;
Роман Ким - 130 кг.

Пикир

Оставить комментарий