• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Акнет" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө байланышкан сотко чейинки өндүрүш иши аяктады – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. "Акнет" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө байланышкан сотко чейинки өндүрүш иши аяктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, мындан мурда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан "Акнет" ЖЧКсынын президенти К.А. карата кылмыш иши иликтенип, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 150 млн сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталган.

"Андан соң, аталган ишти иликтөө Башкы прокуратура тарабынан ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган. Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө Тергөө кызматы тарабынан "Акнет" ЖЧКсынын президенти жалпы суммасы 616 млн 816 миң 112, 70 сом сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качкандыгы боюнча кошумча факты аныкталган. Аны менен катар, жалпы суммасы 384 млн 901 миң 130 сомдук акча каражатын кассага киргизбестен мыйзамсыз эсептен чыгаруу менен ээлеп алуу жана коротуу фактысын аныкташкан", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен билдиришкендей, азыркы учурда "Акнет" ЖЧКсынын президенти К.А. карата сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, Башкы прокуратурасына иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий