• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Грецияда эки поезд кагышып, кеминде 36 адам каза болду – видео

Коом 0


Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Грецияда эки поезд кагышып, кеминде 36 адам каза болду, 85и жабыркады. Бул тууралуу РЕН ТВ жазды.

Социалдык тармактарга жүргүнчү жана жүк ташыган поезддердин сүзүшкөнү тартылган видео тарады. Алар саатына 165 чакырым ылдамдыкта келе жатышкан.

Эскерте кетсек, 28-февралда Салониковдон келе жаткан жүргүнчү поезд жүк ташыган поезд менен кагышып, натыйжада үч жүргүнчү вагон релстен чыгып кеткен жана өрттөнө баштаган.

Напомним, 28 февраля пассажирский поезд из Салоников врезался в грузовой, в результате с рельсов сошли три пассажирских вагона и начался пожар.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын келип чыгышына темир жолдогу эскертүү системасынын бузулушу себеп болгон. Сыягы, айдоочулар бир жол менен бири-бирин көздөй айдап баратканын билишкен эмес", - деп белгилешти ЖМКлар.

Кырсыктан кийин станциянын жетекчиси кармалган, ошондой эле кээ бир маалымат каражаттар боюнча Грециянын транспорт министри Костас Караманлис кырсыктан кийин кызматтан кетүү боюнча арыз жазган, Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис өлкөдө кырсык 1-марттан 3-мартка чейин каза болгондор үчүн үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий