• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектин бир катар көчөлөрүндөгү тротуарларды оңдоо иштери аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Фрунзе көчөсүнүн эки тарабында тротуарды капиталдык оңдоо иштери аяктоодо.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Фрунзе көчөсү менен Эркиндик бульварынан Раззаков көчөсүнө чейин түндүк тарабында, Панфилов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейин түндүк тарабында, Манас проспектисинен Исанов көчөсүнө чейин түштүк тарабы, Манас проспектисинен Турусбеков көчөсүнө чейин эки тарабы жана Манас проспектисинен Исанов көчөсүнө чейин асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери аяктап жатат.

Ошондой эле түштүк тараптан Абдрахманов көчөсү жана Тыныстанов көчөлөрүнүн ортосуна жана К.Акиев көчөсү менен Тимирязев көчөсүнүн ортосуна тротуарлар оңдолду.

Түндүк тараптан Абдрахманов-Тыныстанов көчөлөрүнүн ортосу, түштүк тарабы Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин, түштүк тарабынан Тыныстанов көчөсүнөн Үмөталиев көчөсүнө чейин асфальт төшөө иштери аяктады.

Белгилей кетсек, ирригациялык системаны орнотуу иштери 100%га бүттү. Аба ырайынын шартына жараша бул долбоор 14 күндүн ичинде бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий