• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек ара кызматы: “Ак-Тилек-автожол” бекетинде кезекте 510 жүк ташуучу унаа турат

Коом 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-ноябрь саат 13:00гө карата “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайында кезекте 510 жүк ташуучу унаа турат.

Ал эми өткөн суткада кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесин 555 транспорт каражаты кесип өткөн, анын ичинен Кыргызстандан Казахстанга 273 унаа чыгып, 282 унаа кирген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын УКМК Чек ара кызматы тарабынан да, Казакстандын УКК Чек ара кызматы тарабынан да жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок.

УКМК Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий