• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жал кичи районундагы түрк мектебинин директору балдарга тийишкен – депутат

Коом 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Ирина Карамушкина Жал кичи районундагы түрк мектебинде окуган балдардын ата-энелери кайрылганын билдирди.

Анын айтымында, ал мектеп 20 жылдан бери лицензиясыз иштейт, себеби мектептин директору Амир Айдын айткандай аларды бирөө "коргоого алган".

"Ата-энелер Билим берүү министрлигине кайрылганда, алар андай мектеп бар экенин билбегени аныкталган", - деди ал.

Ошондой эле депутат билдиргендей, ата-энелер Амир Айдын ата-энелерге, балдарга жаман сөздөрдү айтканы, мугалимдерди эч жакка арызданбагыла деп коркутканы нааразы кылган.

"Мугалимдердин баары Түркиянын жарандары болгондуктан алар элчиликке кайрылып, директор эмне кылып жатканын айтуудан коркушкан. Ата-энелер балдардын бири мектепке баруудан коркуп жатканын териштире баштаганда билингендей, бала психологго директор Амир Айдын балдарды иш бөлмөсүнө киргизип, өзүнүн жана алардын шымын чечтиргенин айткан", - деди ал.

Ошондой эле анын айтымында, бала мунун баарын айтып салганы үчүн директор аны мектептен чыгарып жиберген.

"Ошондо анын апасы Ленин районунун милиция кызматкерлери менен бирге мектепке барган. Милиция мектеп Кыргызстандын аймагында экенин айтып туруп алганына чейин аларды киргизбей турушкан. Ал мектепте 200дөн ашык кыргыз балдары окушат. Алардын көпчүлүгү аз камсыз болгон үй-бүлөдөн болушат. Ошондуктан директор кыйынсынып, балдардын ата-энелерин КРнын жарандыгынан баш тартып Түркиянын жарандыгын алуусун айткан. Себеби балдар ал мектепте 8 жыл окугандан кийин Түркияга барып, армияда кызмат өтөшөт экен", - деди депутат.

Ал кошумчалагандай ата-энелер Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына кайрылышкан. Учурда алар бул маселени карап жатышат.

"Эми директор ага акча сунуштап жатат. Азыр ата-энелер мекемелер аралык комиссия түзүлүшүн, ким уруксат бергенин жана балдарын кайсы программа менен окутарын аныктоону талап кылышууда. Эмнеге ал балдарды кайсыл жакка алып чыгып жатканын эч ким билбейт? Ошондой эле директор баланы түркчө сөккөндө, апасы чыдабай аны сумка менен урганын көргөн күбөлөр бар", - деди ал.

Ошондой эле ал териштирүү жүргүзүшү үчүн тийиштүү органдарга жана өкмөткө кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий