Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Дин боюнча жаңы мыйзам өлкөнүн туруктуулугун сактоого жана диндин туура өнүгүүсүнө чоң салым кошо алат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Муфтияттан белгилешкендей, мыйзам коомдо ынтымакты бекемдөө, ар кандай диндердин өкүлдөрүнүн укуктарын тең карап, толеранттуулукту камсыздоо максатын көздөйт.
"Бул мамлекеттин туруктуулугу үчүн абдан маанилүү, анткени ынтымак жана тынчтык жок жерде өнүгүү болбойт. Өлкөбүздүн өнүккөн, стабилдүү болушу үчүн ар бир жарандын укуктары корголуп, диний баалуулуктарга сый-урмат менен мамиле жасалышы керек. Ынтымакты бекем сактап, биримдикти чыңдоо аркылуу гана өлкөбүздү келечек муундарга татыктуу өткөрүп бере алабыз", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий