Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова күн мурун БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Александра Соловьева менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча учурдагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүү пландарын талкуулашты. Анын ичинде, тоолуу региондордун жашоочуларынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, алардын инфраструктурага, энергия булактарына, саламаттык сактоого, сууга, санитарияга жана башка социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелери каралды.
Динара Кемелова Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдыктын алкагында бир катар эл аралык иш-чаралар пландалып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Александра Соловьева Тоо күн тартибиндеги маселелер боюнча мындан аркы кызматташуусун толук колдоорун жана тоодогу тургундардын жашоо шартын жакшыртууга жана жогорулатууга, ошондой эле аялдарды жана калктын аялуу топторун колдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга даяр экендигин билдирди.
Тараптар тоо жамааттарын колдоону, тоо экосистемаларын коргоо максатында тыгыз жана активдүү кызматташууну улантууну, тоону туруктуу өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды, изилдөөлөрдү жүргүзүүнү жана долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу макулдашты.
Пикир
Оставить комментарий