• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Динара Кемелова Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын бүгүн, 19-декабрда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар эл аралык тоо күн тартибин жана Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин алкагында эки өлкө ортосунда учурдагы жана келечектеги кызматташуусун, атап айтканда, тоолуу аймактарда ГЭСтерди куруу, эко-туризмди өнүктүрүү, геопарктарды түзүү, тоолуу аймактардын маданий мурастарын сактоо, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын коргоо боюнча долбоорлорду илгерилетүү маселелерин талкуулады.

Динара Кемелова Климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга байланыштуу тоолуу аймактардын жашоочулары туш болгон көйгөйлөр жана кыйынчылыктар тууралуу айтып берди. Талкуунун жүрүшүндө тоолорду туруктуу өнүктүрүү, атап айтканда тоо туризми жана өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушунун маанилүү аспектилери катары тоолуу аймактардын тарыхый-маданий мурасынын потенциалын ачуу маселелери да каралды.

Жолугушуунун аягында тараптар Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин алкагында мындан аркы кызматташууну, ошондой эле тоо жашоочуларынын социалдык-экологиялык жашоо шарттарын жакшыртууга жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган башка долбоорлор боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий