• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Динара Кемелова ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Самман Джунг Тапа менен жолукту.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тоолуу аймактарда жашаган балдардын социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу, атап айтканда, билим берүү, саламаттыкты сактоо, суу, энергетика жана санитарияга жеткиликтүүлүүгүн камсыздоо, алыскы тоолуу аймактарды санариптештирүүгө көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле жолугушууда тараптар климаттык чакырыктарга жооп берүү жана тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча жаштардын демилгелерин колдоону талкуулашты.

ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгүнүн башчысы президенттин атайын өкүлүн Кыргызстандагы 2023-жыл ичиндеги балдардын жана аялдардын абалын негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырды.

Тараптар Кыргызстан менен ЮНИСЕФтин ортосундагы "2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө" Жол картасын ишке ашыруунун алкагында мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий