Бишкек, 24.04.21./Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон бүйрукка ылайык, Динара Руслан Кыргыз Республикасынын премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Маалымдама: Динара Руслан CodifyLab Academy -Программалоо жана Дизайн Академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору. Ошондой эле Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана тейлөө ассоциациясынын (КАРПОУ) башкармалыгынын төрагасы жана мүчөсү болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий