• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Нарында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 24.04.21. /Кабар/. Нарын шаардык Ж.Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепканада 23-апрелде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленди. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова жана студенттер, окуучулар жана китепкана кызматкерлери, акындар катышты.

Китепкананын китеп текчесин толуктаган адабияттар, жыйынактар жана балдар китептеринин көргөзмөсү болуп, жаш акындар өз чыгармаларынан көркөм окуп, окуучулар улуу жазуучулардын ырларын көркөм айтып беришти. Мындан сырткары, #4 Э. Ибраев атындагы орто мектебинин кенже классынын окуучулары жомок коюп беришти.

“Окуучулар, жаштарды ушундай иш чараларга катыштырып, китеп окууга үндөө учурдун талабы. Бүгүнкү иш чарага катышкан окуучулар жакшы маалыматтарга ээ боло алышты деп ойлойм жана мындан ары да китепкана менен тыгыз байланышта болууга чакырам”, - деди Жумакадырова.

Иш-чара шаардык маданият бөлүмүнүн чакан концерттик номерлери менен жыйынтыкталып, китепкананын активдүү окурмандары ыраазычылык каттар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий