• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө баллон менен көлдүн жээгинен алыс кеткен төрт адам куткарылды

Аймак 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында бир эркек жана үч аял баллон менен көлдүн жээгинен алыс кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, куткаруучулар жеткенге чейин аталган жарандарды жергиликтүү тургундар кайык менен көлдүн жээгине чыгарышкан.

“Төрт адамдын абалы жакшы”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий