• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Дипломатиялык мамилелерге 30 жыл. Финляндиянын президенти Садыр Жапаровго кат жолдоду

Президент 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Финляндиянын президенти Саули Ниинистё Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“2022-жылдын 23-мартында Финляндия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу Сизге чын жүрөктөн куттуктоомду, ошондой эле Сиздин өлкөңүзгө жана анын элине гүлдөп-өнүгүүнү, бакубатчылык кааларымды айткым келет”, - деп айтылат куттуктоо катында.

Пикир

Оставить комментарий