• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

ДКО-2024: Тогуз коргоол боюнча курама команда 4 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 4 медаль жеңип алышты.

Дене тарбия жана спорт департамнетинен билдиришкендей, эркектер арасында Марлис Дуулатбеков күмүш медалга татыса, Сырттан Сыргак уулу коло медалга ээ болду.

Кыз-келиндер арасында Азиза Жамансатарова жана Алтынай Шамбетова коло медаль жеңип алышты.

Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Нурия Султанмуратованын жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий