• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Максим Гордеев кыргызстандыктарга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди

Спорт 0


Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Пекиндеги Олимпиада оюндарында катышуусун аяктады.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитети Гордеевдин видеосун жарыялады. Анда ал кыргызстандыктарга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

“Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздер мени ар тараптан колдогонуңуздар үчүн, биздин өлкөбүз ушундай ынтымакта экенине абдан кубанычтамын. Бирок бүгүн менин күнүм эмес экен. Бир аз болбой калды. Милдетимди аткара алгай калганыма абдан капа болдум. Машыгууда сол тиземди кокустатып алгам. Эртең менен бир аз ыңгайсыздык пайда болду, бирок ага карабай стартка чыктым. Лыжа тээп баратып бутум катуу ооругандыктан жыгылып калдым”, - деген спортчу.

Пикир

Оставить комментарий