• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Тайырбек Жумашбек уулу Түркиядагы эл аралык мелдеште коло медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 10.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Түркиядагы Эл аралык мелдеште коло медаль жеңди.

Аталган мелдеш 7-марттан 11-мартка чейин Түркиянын Анталия шаарында өтүүдө.

Жумашбек уулу мелдешке 61 кг чейинки салмакта 1/16 финалдан тартат катышып, алгач грузиялык балбанды жеңген. Бирок 1/8 финалда япониялык спортчуга жеңилип калган.

Япониялык балбан финалга өткөндүктөн, Тайырбек Жумашбек уулу көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүндүк алган. Анда ал жеңишке жетип, коло үчүн күрөшө турган болгон.

Тайырбек Жумашбек уулу коло байге үчүн мелдеште Реза Атри аттуу ирандык балбанды 7:4 эсебинде жеңип алды.

Пикир

Оставить комментарий