• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды — фоторепортаж

Спорт 0

Бишкек, 10.03.24./Кабар/. Бүгүн Бишкекте шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун “А” тайпасынын дүйнө чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Салтанаттуу ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Швеция өлкөсүнүн хоккей федерациясынын төрагасы Андерс Ларссон жана Кыргызстандын хоккей федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Биринчиликте алты өлкөнүн — Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка Республикасы, Люксембург, Түркмөнстан жана Таиланддын командалары күч сынашып жатат. Беттештер “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчада болот.

Эгер ата мекендик курама команда утуп чыкса, хоккей боюнча экинчи дивизиондун “Б” тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Пикир

Оставить комментарий