• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Догдуркүл Кендирбаева Ага Хан уюмунун өкүлдөрү менен билим берүү долбоорлорун талкуулады

Билим 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстан дипломатиялык өкүлү Баркат Фазал баштаган делегациясы менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун катышуучулары окутуунун сапатын жакшыртуу, балдардын гармониялуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча долбоорлорду талкуулашты.

Тараптар сапаттуу билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча демилгелерди ишке ашыруу үчүн кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий