• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Догдуркул Кендирбаева билим берүү тармагындагы негизги көрсөткүчтөр тууралуу айтып берди

Билим 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим тармагындагы өзгөрүүлөрдүн негизги көрсөткүчү болуп 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында “Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын трансформациялоонун "Алтын Казык" программасынын бекитилиши саналат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Ал маалымат жыйынынын жүрүшүндө министрликтин 6 айдагы ишинин жыйынтыгы жана 2024-жылдын экинчи жарымына карата пландары тууралуу маалыматтарга токтолду. Алсак:

Мектепке чейинки билим берүү деңгээлиндеги негизги жетишкендиктердин арасында:

  • типтүү бала бакчаларда мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камтуу 28,3% түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2% га көп;
  • мамлекеттик жана муниципалдык балдар бакчаларынын 4000ден ашык кызматкерлери "Балалык" жана "Мектепке чейинки уюмдардын педагогдорунун кесиптик квалификациясын жогорулатуу" программалары боюнча окуудан өтүштү;
  • "Өкмөттүк Акселераторлор" программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакчалардын тармагын кеңейтүү үчүн жеке жактарды/жеке ишкерлерди окутуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө;
  • мурдагы лицензияоо талаптардын ордуна бала бакчаны ачууда кабарлоо тартиби бекитилди;
  • министрлер кабинетинин колдоосу менен бала бакчаларды куруу жана оңдоо үчүн 10% чен менен жеңилдетилген насыялар берилет.

Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү деңгээлинде:

  • КР Министрлер Кабинетинин 12 жылдык окуу мөөнөтүнө өтүү боюнча тескемеси кабыл алынды.
  • окуу китептердин сапатын жана мазмунун жакшыртуу максатында "Окуу китеби" Басма үйү" Мамлекеттик мекемеси түзүлдү;
  • Marshall Cavendish» (Сингапур) басмаканасы менен "Окуу китеби" Басма үйүнүн ортосунда лицензиялык келишимдер түзүлүп, 83 млн.сом суммага 32 аталыштагы эл аралык окуу-методикалык комплекстерге лицензиялар алынды;
  • электрондук окуу китеби жөнүндө жобо, электрондук окуу китебинин стандартынын долбоору иштелип чыкты; санариптик китептер жана видео-контент жайгаштырыла турган платформа иштелип чыгууда;
  • педагогикалык кадрлардын Улуттук порталы (мугалимдердин Реестри) иштелип чыкты. Бул мугалимдердин жетишсиздиги багыттары (бош орундар), мугалимдерди аттестациялоо боюнча кырдаалды координациялоого мүмкүндүк берет;
  • билим берүү тутумунун 90 миң кызматкери PISA-2025 катышуу, медиа сабаттуулук, өнүктүрүү боюнча квалификацияны жогорулатуу, “жашыл көндүмдөр, санариптик сабаттуулук, чет тилдерди окутуунун коммуникативдик ыкмалары, инновациялык педагогикалык технологиялар, STEM билим берүү курстарынан өтүштү;
  • мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга 670 млн. сом бөлүндү. Биринчи этапта алар STEM предметтеринин мугалимдери үчүн, андан кийин бардык мектеп мугалимдери үчүн сатылып алынат;
  • 2024-жылдын 6 айында окуучулар 9 алтын, 38 күмүш жана 57 коло медаль жеңди;
  • 2024-жылы ЖРТда дээрлик 52 миң бүтүрүүчү катышып, анын 67,8% 110 баллдан жогору босогодон ашты. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 10,8% көп;
  • "Аттестаттардын жана дипломдордун Реестри; маалымат системасы иштелип чыгып, системага 2018-жылдан баштап аттестаттар жайгаштырылды;
  • Республиканын мектептерин учурдагы оңдоого дээрлик 400 млн.сом жумшалды, бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу 4 эсеге көп.

Кесиптик билим берүү деңгээлинде:

  • кесиптик лицейлердин 64,5% дуалдык окутууга тартылды;
  • кесиптик лицейлерде 8000 ашык жумушсуз жарандар окутулган, алардын 73% ашыгы окуусун аяктагандан кийин 3 айдын ичинде ишке орношту;
  • кесиптик лицейлердин педагогдорунун 76% квалификация жогорулатуу курсунан өттү;
  • Ош шаарындагы №12 кесиптик лицейде кытайлык Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен кызматташтыкта Азиядагы жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердеги биринчи «Next Generation Hub» лабораториялык борбор ачылды;
  • VIBEs долбоорунун алкагында 15 жаштан 30 жашка чейинки жумушсуз адамдарды окутуу жана ишке орноштуруу боюнча борбор ачылды;
  • “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 10 кесиптик лицейде жана Республикалык илимий-методикалык борбордо 168 млн.сом суммага капиталдык оңдоо аяктады жана заманбап талаптарга жооп берген материалдык-техникалык база түзүлүп, №5, №47 кесиптик лицейлеринин имараттары оңдоо жүрүүдө; Алдыңкы тажрыйба борборлорунун базасында көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасы өнүгүүдө;
  • “Бычмага жөндөмдүү тикмечи”, “Шыбакчы”, “Автоунааларды оңдоо боюнча слесарь”;
  • “Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор” сыяктуу кесиптерде валидация өткөрүлдү;
  • “Технологиялык парктар (технопарктар) жөнүндө” Мыйзам кабыл алынды, ЖОЖдордун базасында аларды өнүктүрүүгө дем берет;
  • Студенттик стартап-долбоорлорду өнүктүрүүгө 2024-жылы республикалык бюджеттен 10 миллион сом каралган;
  • инновацияларга жана прикладдык изилдөөлөргө, Алдыңкы тажрыйба борборлорун жана изилдөө борборлорун, “инновациялык университеттерди” түзүүгө багытталган 25 млн долларлык Дүйнөлүк банктын долбоору ратификациядан өттү.

Илим жана илимий-техникалык саясат чөйрөсүндө:

  • Илимий жана илимий-техникалык уюмдарды мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө Жобо бекитилди;
  • Кыргыз улуттук университетинин фундаменталдык илимдер институтунун алдында жасалма интеллект илимий-изилдөө борбору, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде колдонмо жасалма интеллект жана киберкоопсуздук жаатында Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлдү.
  • “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин Eurasian Journal of Business and Economics илимий журналы Scopus эл аралык маалымат базасына киргизилди.

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-жылдын аягына чейин пландоодо:

  • мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 40%га чейин жогорулатуу, кошумча дагы 113 миң баланы камтуу;
  • 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү Концепциясын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, мектептик билим берүүнүн Мамлекеттик стандартын, предметтик стандарттарды жаңылоо;
  • 6 жаштагы балдарга ар тараптуу билим берүүнү уюштуруу;
  • дүйнөлүк мектеп адабияттарынын тажрыйбасынын негизинде окуу китептеринин сапатын жогорулатуу (Кембридж жана Оксфорд, Маршалл Кавендиш);
  • окуу китептеринин электрондук контентин түзүү;
  • “Келечекти бүгүн өзгөртүү” темасындагы Август педагогикалык окууларын уюштуруу, Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын илимий уюмдарынын инновациялык педагогикалык жетишкендиктеринин Жарманкесин өткөрүү;
  • санариптик, "жашыл", ишкердик, мугалимдер үчүн турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн Scaffold окутуу инструменттерин киргизүү;
  • “Үч тараптуу” педагогикалык окуу жайлары аркылуу карьерасынын бардык этаптарында мугалимдерге билим берүү кызматтарынын толук спектрин көрсөтүү;
  • сентябрдан баштап орто кесиптик билим берүү мекемелеринин рейтингин түзүү боюнча изилдөө баштоо;
  • Бүтүрүүчүлөргө байкоо жүргүзүү методологиясынын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;
  • 2024-жылдын II жарым жылдыгынын аягына чейин "Аттестаттардын жана дипломдордун Реестри" маалымат системасына дипломдор жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу;
  • kesip.edu платформасын иштеп чыгуу;
  • илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
  • экономиканын тармактарын өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу;
  • аймактык билим берүү округдарынын Концепциясын ишке ашыруу;

Пикир

Оставить комментарий