Дохада Кыргызстан менен Катардын кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов бүгүн Доха шаарында Катардын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Султан бин Саад Аль-Мурейхи менен жолукту.

КР тышкы саясий ведомствосунан маалымдашкандай, жолугушуу Авазбек Атахановдун 30-июндан 2-июлга чейин Доха шаарында өткөн "Афганистан боюнча атайын өкүлдөрдүн" 3-жыйынына катышуусунун алкагында өттү.

Анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгынын күн тартибиндеги негизги маселелерге токтолуп, өлкөлөр ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнүн келечегин талкуулашты.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду бекемдөө үчүн жакынкы келечекте бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар учурда Доха шаарында өтүп жаткан "Афганистан боюнча атайын өкүлдөрдүн" 3-жыйыны тууралуу пикир алмашып, министрдин орун басары Атаханов аталган иш-чараны мыкты деңгээлде уюштургандыгы, ошондой эле Афганистанда туруктуулуктун орношу үчүн катар тараптын кошуп жаткан зор салымы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде Султан бин Саад Аль-Мурейхи кыргыз тарап аймактык жана эл аралык иш-чараларга ар дайым жогорку деңгээлде активдүү катышып келгендигин баса белгиледи.

Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 2-3-октябрында Доха шаарында өтө турган "Азиядагы кызматташтык боюнча диалог" уюмунун кезектеги саммитине кыргыз тарап жогорку деңгээлде катышат деген үмүтүн билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу үчүн ар дайым тыгыз байланышта болууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий