• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Өмүралиев менен Литванын президенти эки тараптуу кызматташууну талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. 2019-жылдын 17-18-январь күндөрү Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Вильнюс шаарына иш сапар менен барды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 18-январь күнү Литванын президенти Далей Грибаускайте менен жылына өтүүчү жолугушуу салтанатына катышып, анын алкагында Литванын Тышкы иштер жана экономика, инновация министрлери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Мындан тышкары иш-сапардын алкагында, Литванын тышкы иштер министринин орун басары Дарюс Скусявичюс, Литванын ТИМнин чыгыш кошуналык саясат департаментинин директору Инга Станите-Толочкиене, тышкы экономикалык байланыш жана экономикалык коопсуздук саясаты бөлүмүнүн Кеӊешчиси Видмантас Вербицкас жана Литванын Парламентинин төрагасынын Кеӊешчиси Вайдотас Верба менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуу учурунда кыргыз-литвалык эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалын жана келечегин талкуулашты. Андан тышкары, тараптар 2019-жылдын март айында кыргыз-литвалык ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашышты.

Ошондой эле маданий-гуманитардык, туризм жана соода экономикалык өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий