• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Долон менен Өтмөккө кар жаады. Учурда жолдор ачык, каттам бар

Аймак 0


Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусуна жана Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусуна 2-3 см калыңдыкта кар жаады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жеринде жолчулар тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрдү.

Ошондой эле Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жана Ала-Белде кыламык кар жааган, каттам бар.

Учурда өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылы үчүн эч кандай кыйынчылыктар жок. Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий