• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Дордой жаңы конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. Дордой жаңы конушунда бала бакчанын курулушу уланууда, деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы.

Учурда подрядчы тарабынан курулуш-монтаждоо иштери, имараттын ички жасалгасы, откананы монтаждоо иштери бүткөрүлдү.

Жер участогунун аянты 0,57 га, ал эми жайдын аянты 1600 чарчы метр.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга эсептелген эки блоктон турат. Имаратта уктоочу, оюн-зоок, кампа, ашкана, жуунуу, медициналык кабинет, кызматкерлер бөлмөсү, кампалар жана техникалык бөлмөлөр каралган.

Подрядчы — «Монолит Строй» ЖЧКсы.

Пикир

Оставить комментарий