• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Дубайда Кыргызстан менен Сириянын футбол курамалары контролдук беттеш өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 03.01.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Сириянын футбол курама командалары Дубайда контролук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Оюн 5-январда болот. Беттеш машыктыруучулук мүнөзгө ээ болуп, жабык режимде жана эфирсиз өтөт.

Белгилей кетсек, учурда "Ак шумкарлар" 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыктын акыркы этабын баштады.


Эскерте кетсек, Азия Кубогу-2023 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Кыргыз курама командасы F тайпасында Оман, Сауд Аравия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.

Алдыда боло турган Азия чемпионатына катышуу улуттук кураманын тарыхында экинчи болуп калмакчы. Футболчулардын астында Азия Кубогуна жана 2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алууга күрөштү улантуу үчүн Азиянын 18 мыкты командасынын бири болуу милдети турат.

Оюндардын жүгүртмөсү: 16-январь | 1-оюн күнү
Таиланд 20:30 Кыргызстан Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 23:30 Оман Халифа стадиону
21-январь | экинчи 2-оюн күнү
Оман 20:30 Таиланд Абдулла бин Халиф стадиону
Кыргызстан 23:30 Сауд Аравия Ахмат бин Али стадиону
25-январь | 3-оюн күнү
Кыргызстан 21:00 Оман Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия 21:00 Таиланд Эдьюкейшн сити стадиону

Пикир

Оставить комментарий