• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык баскетболчулар Дүйнө биринчилигиндеги алгачкы оюнунда утулуп калышты

Спорт 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Баскетболдун 3Х3 түрү боюнча Кыргызстандын курамасы Кытайда өтүп жаткан Дүйнө биринчилигиндеги (U-23) алгачкы эки оюнда утулуп калды. Бул тууралуу эл аралык Баскетбол федерациясынын сайтында жарыяланды.

Турнир Кытайдын Ланьжоу шаарында өтүүдө.

Кыргызстандын атынан машыктыруучу Пехов Евгений баштаган Бардашов Федор, Демченко Роман, Чолонбаев Азим, Атабеков Өмүрбек катышууда.

Улуттук курам Украина жана Бразилиянын спортчулары менен оюн өткөрдү. Украиналык баскетболчуларга 9:21 эсебинде, бразилиялыктарга 14:20 эсебинде жеңилип калышты.

Белгилей кетсек, эртең, 4-октябрда Кыргызстандык спортчулар Италия жана Катардын баскетболчулары менен беттешет.

Пикир

Оставить комментарий