• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Душанбеде Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата тегерек стол өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. 12-декабрда Душанбе шаарында дүйнөгө белгилүү жазуучу, мамлекеттик ишмер жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган "Чыңгыз Айтматов: мезгилдердин жана элдердин байланышы" аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, иш-чарага Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Жазуучулар союзунун төрагасы, мүчөлөрү, маданият жана илим тармагындагы ишмерлер, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун алкагында жазуучунун чыгармачылык мурасы тууралуу "Устаттын керээзи" документалдуу тасмасы көрсөтүлдү. Ошондой эле фотогалерея жана Ч.Айтматовдун кыргыз, тажик жана орус тилдериндеги китептеринин көргөзмөсү уюштурулду.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчи Эрлан Абдылдаев өз сөзүндө тегерек столду өткөрүү эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштардын жаңылануусуна салым кошуп, келечек муундардын адабият жаатындагы кыргыз-тажик мамилелеринин тарыхын, эки элдин улуу инсандарын таанууга чоң өбөлгө түзөөрүн белгилеп, Тажикстандын улуттук китепканасына Айтматовдун көп томдуу китептерин тапшырды.

Иш-чаранын катышуучуларына Ч.Айтматовдун замандашы, досу болгон тажик окумуштуусу-философ Акбар Турсун жазуучу жөнүндө жылуу эскерүүлөрүн, достук мамилелерин айтышты.

Катышуучулардын көпчүлүгү улуу жазуучу, гуманист Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз-тажик элдеринин жакындыгын арттыргандыгын белгилешти.

Аталган тегерек стол КР Тажикстандагы элчилиги менен Тажикстандын президентинин аткаруу аппаратынын "Тажикстандын улуттук китепканасы" мамлекеттик мекемесинин өнөктүгүндө уюштурулду.

Белгилей кетсек, Тажикстанда Чыңгыз Айтматовдун 11 жолу басылган 170 миң нускада китептери жарык көргөн.

Пикир

Оставить комментарий