• 87
  • 90.58
  • 0.83

Дыйкандар жана кайра иштетүүчүлөр жеңилдетилген насыяны кантип алса болот? - Айыл чарба министрлигин жообу

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Экономика министрлиги менен биргеликте жазгы себүү иштеринин алкагында “Айыл чарбасын каржылоо - 7” аттуу долбоорунун жаңы тиркемесин иштеп чыгышкан. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин башчысынын орун басары Жаныбек Керималиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындан кабарлады.

Ал белгилегендей, бул долбоор мурунку долбоордон айырмаланып, насыяны иштетүүгө 6 айлык мөөнөт берет.

“Январь айында биз “Айыл чарбасын каржылоо - 7” долбоорун ишке киргиздик. Бул жерде 2018-жылдагы долбоордон айырма болуп экспортко багытталган 11 азыктын түрү эсептелет. Эгер дыйкандар жана кайра иштетүүчүлөр экспортко багытталган азыктар менен иштесе, алар 6%дык насыя ала алышат. Багбанчылык, токой, урук чарбаларын жакшыртуу боюнча иш алып барса, аларга 8% насыя каралган. Ал эми 10%дык насыя мал чарба жана өсүмдүк чөйрөсүндө иш алып барган дыйкандарга берилет”, - дейт Керималиев.

Долбоор өз ишин үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тартып баштаган.

Негиздеме: «Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоору Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын иштетүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылат.

Сүт, эт, жүн, бал, балык,жашыл (сарымсак, пияз, томат), картошка, жемиш (уруктуу, данектүү), мөмө (малина, кулпунай, карагат), техникалык өсүмдүктөр (пахта, тамеки), төө буурчак сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды кредиттөө үчүн жана «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» тармагы үчүн акыркы пайыздык үстөк жылына 6% белгиленген.

Ошондой эле белгиленген тартипте асыл тукус заводу, асыл тукум чарбасы жана үрөн чарбасы макамдары берилген чарбалар жана кант кызылчасын өстүрүү менен алектенген субъектилер кредиттөөдө артыкчылыктуу багыттар болуп саналат.

Жылына 8% акыркы пайыздык үстөк төмөнкүлөр үчүн белгиленген:

- бак өстүрүүчүлүк жана ургаалдуу токойчулук менен алектенген субъекттер үчүн;

- күнөскана чарбасы менен алектенген жана тамчылатып сугаруу тутумун киргизүү боюнча субъекттер үчүн;

- асыл тукум жана мал же жасалма жол менен уруктандыруу жабдууларды сатып алуучу субъекттер үчүн*.

Жылына 10% акыркы пайыздык үстөк «Мал чарбачылыгы» жана «Өсүмдүк өстүрүү» тармактары үчүн белгиленген.

Насыянын мөөнөтү 36 айдан ашык эмес. Ушуну менен катар эле бак өстүрүүчүлүккө, ургаалдуу токойчулукка, үрөн өстүрүү жана асыл тукум чарбаларына, жаңы түзүлүп жаткан тамак-аш кайра иштетүү ишканаларына, күнөскана чарбасын жүргүзүүгө, тамчылап сугаруу системасын киргизүүгө берилүүчү кредиттер үчүн төлөө мөөнөтүн 60 айга чейин белгилөөгө уруксат берилет.

Айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү сунушу болсо жеке кредиттер боюнча 150 (жүз элүү) миң сомго чейинки өлчөмдөгү жана топтук кредиттер боюнча 500 (беш жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү кредиттик каражаттар 18 айга чейинки төлөө мөөнөтү менен күрөөсүз негизде берилиши мүмкүн. Мында, бул максаттар үчүн багытталган жалпы сумма берилүүчү кредиттин жалпы суммасынын 7 пайызынан ашпоосу керек.

Карыздардын негизги суммасы боюнча төгүм төлөөдөн 6 айга чейин толук бошотуу түрүндө жеңилдетилген мезгилди белгилөөгө уруксат берилет.

*Асыл тукум малга төмөнкүдөй породалар кирет:

- бодо мал (ала тоо, карала, аулие-ата, ошондой эле голштин, жерсей, симменталь, айшир, герефорд, голланд, ярослав, холмогор, күрөң швиц уйлары), топоздор жана жылкылар;

- кой (уяң жүндүү, тянь-шань жарым уяң жүндүү, алай, гисар жана меринос).

Бул тармактын субъекттери ушул долбоордун алкагында бир зайымчыга 3 (үч) млн сомго чейин кредит ала алышат. Асыл тукум мал жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн мал же жабдууларды сатып алып жаткан субъекттер 10 (он) млн сомго чейин кредит ала алышат.

Кредит берүүдө иштетүүчү ишканалар менен өз продукцияларын берүүгө келишимдерди (контракттарды) түзгөн чарбакер субъекттерге артыкчылык берилет.

Эң төмөнкү 6%дык чен: сүт, эт, жүн, бал, балык, жашылча (пияз, сарымсак, помидор, картошка), мөмө-жемиштер (малина, кулпунай, карагат), буурчак дандуу, тамеки жана “кайра иштетилүүчү айыл-чарба азыктары” чөйрөсү кирген приоритеттүү насыя багыттарына коюлган.

Пикир

Оставить комментарий