Президент Садыр Жапаровдун атынан казак акынына аргымак тартууланды – видео

Коом 0


Бишкек, 20.08.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров 13-августта өткөн көк бөрү боюнча чемпионатында казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак белек кылып, Бишкекте күтүп жатканын айткан.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, бүгүн президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев улуу өнөрдү алып жүргөн казак акынына президенттин атынан аргымакты тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий