• 87
  • 90.41
  • 0.84

Дзюдо боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Дзюдо боюнча жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт, деп билдирди Дене тарбия жана спорт департаменти.

Биринчилик 10-11-февраль күндөрү Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин спорт комплексинде өтөт. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

  • кыздар арасында — 48, 52, 57 63, 70, 78, +78 кг;
  • балдар арасында — 60, 66, 73, 81, 90, 100, +100 кг.

Пикир

Оставить комментарий